Сооронбай Жээнбековдун антикоррупциялык билдирүүсү: жеп-ичкичтерден коомду тазалоого эрки жетеби же бул кезектеги шоубу?
- Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстан “Transparency International” уюмунун коррупциянын деңгээли боюнча рейтингинде өйдө көтөрүлө албай жаткандыгын, буга укук коргоо, фискалдык органдар жана сот бийлиги күнөөлүү экендигин билдирди. Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын койду. Өлкө башчысынын айтканы аткарылабы, бул убадалардын өтөсүнө чыга алабы?
Нурбек Токтакунов: Мурунку президенттик команда коррупционерлерди саясий каршылаштарынын катарына издеген өнөкөт ооруга чалдыккан эле. Эгерде Сооронбай Жээнбеков да дал ушул жолду тандай турган болсо, ага эл таптакыр ишенбейт. А коомчулукту ынандыруу үчүн, президент бийлик башындагы коррупционерлерди камай башташы зарыл. Эгер ушуга эрки жете турган болсо, коррупцияга каршы күрөштүн жаңы доору келет. Эл да кубанат. Бирок, мен ишенгим келип турса да, буга анчалык үмүттөнбөйм.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити