Өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө бийликтин адилетсиздигине каршылык билдирүүнүн бир түрү катары ачкачылык кармоо кеңири жайылтылган. Буга бийликтен акыр-түбү ишенич кеткенде, митинг-пикеттер таасирин бербей калганда, аргасыздан барышат. Биздин эгемен тарыхта да ачкачылык акциялары көп ирет болгон, анын эң белгилүүсү Үзөңгү-Кууш окуясы боюнча болуп, экономист Шерали Назаркуловдун “башын жутканы” баарыңыздарга дайын.

 

Кечээтен баштап “Улуттук оппозициялык кыймылдын” лидерлеринин бири Бектур Асановдун “кургак ачкачылык” кармай баштаганы тууралуу кабарды уктук. 2016-жылдын жазынан бери камакта жаткан саясатчы буга соттогу адилетсиздикке каршы барары айтылды.

 

Мындан тышкары, тийешелүү органдардын үй-бүлөсү, туугандары менен көрүшүүгө уруксат бербей жатканы да УОК лидеринин мындай кадамга барышына себеп болгон. 

 

Маалыматтарга караганда, Бектур Асановго эки айдан бери  жубайы Алтынай Асанова менен жолугууга абак жетекчилиги уруксат бербей жатат. 14-ноябрда Бектур Асановго № 47-абакта операция жасалган, бирок андан бери саясатчынын абалынан бир туугандары кабар ала албай келишет. Ал ортодо Бишкек шаардык сотунда УОК лидерлеринин соту бүгүн дагы улантылат.

 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деген негизде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.

 

Бишкек шаардык сотундагы соңку олтурум 24-январда болуп, ишти караган судья Адис Момуналиев УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси Максат Эсенбаевди сотко чакыруу жөнүндө айыпталып жаткандардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

“Кургак ачкачылык” – нааразылык билдирген адамдын тамак-аштан гана эмес, суудан жана суусундуктардан да баш тартышы экенин эске алсак, кечээ эле оор операцияны баштан өткөзгөн Бектур Асановдун ден-соолугуна бул чоң сокку. Аргасыздык экенин билебиз, бирок, ошентсе да артыңызда үй-бүлө бар экенин унутпаңыз, Бектур мырза!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити