Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Жогорку соттун экс-судьясы Жакыпбек Абдырахмановдун кайрадан ал ордуна кайтып келүү үчүн Президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаевге кымбат баалуу “джип” унаасын белек кылгандыгын жазып чыгышкан.

 

“Ой, бул ушакты кайдан таап алгансыңар? Мен бирөөгө унаа белек кылгыдай миллионер эмесмин, өмүр бою таза иштеп жүргөндүктөн, капчыктуулардын катарына кирбейм. Көптөгөн жылдар сот тармагында иштедим, бир катар облустук, шаардык сотторду жетектедим, Адилет министри болгом. Эгер адилеттүү иштебесем, ушул даражага жетмек белем? Кыңыр иш билинип калмак. Азыр да кайрадан Жогорку сотко судья болуп барыш үчүн конкурска катышып жатам. Өткөзүшпөсө трагедия деле кылбайм. Болгону, азырынча акыл-күчтө турганымда элиме кызмат кылууну максат коюудамын. Президент Сооронбай Жээнбеков сот тармагы боюнча олуттуу ойлорун ортого салды. Андагы реформаларга жакындан салым кошкум келет”,- деди Жакыпбек Абдырахманов.

 

“Мен адилеттүүлүктү баарынан жогору койгон адаммын. Арийне, иштеген адамда кемчиликтер кетет. Ошентсе да, адамга жөн эле көө сүйкөй берген болбойт да. Эми ушак жазаарда мени менен да байланышып коюшса...”- сөзүн жыйынтыктады экс-судья.

 

Минтип айткан адам өз тарыхын унутуп калгандай. Унутуп калса, эсине салып койчулар толтура. Анткени, коомчулуктун көз жаздымында эч бир нерче калбайт. Бул киши убагында саясатчы Камчыбек Ташиевди соттогон, учурда парламент депутаты Курманкул Зулушевди соттогон. Анан кайсы таза иштегенин кеп кылып атат?