“Майдан.kg” гезити “Сооронбай Жээнбековдун досумун, Экөөбүз азыр дагы чай ичишебиз... Менин доорум эми келди”- деп дөөрүп жүргөн экс-Жогорку соттун судьясы, азыр да ал кызматка жулунуп жаткан Жакыпбек Абдырахмановдун таржымалын жарыя кылган болчу. Бул маалыматты ал киши да окуптур, ошон үчүн да ал: “мен өмүр бою таза иштеген судьямын, а Сооронбай Шарипович мага дос эмес, антип эч жерде мактанган эмесмин”- дегенин уктук. Анын эмне эле шерденип жатканынын төркүнү көрсө, башка жакта экен. Анын кайрадан Жогорку сотко судья болуп барышы чечилип калган иш экен, азыркы заманда ЖСке судья жана төрага болуш үчүн сөзсүз эле президентке дос болуу шерт эмес тура. Эң башкы критерий – президенттик администрациядагы “серый кардинал” – юридикалык бөлүмдүн башчысы Манасбек Арабаевге жол тапсаң болду, ишиң оң чечилет...

 

Алгач, Манасбек Арабаев ким? Ошол маселеге токтололу, алыс барбай эле, “Чагылган” сайтындагы биздин кесиптештер жазып чыккан маалыматты ортого коёлу: “Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеов Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүп, ал жыйында коррупция маселесин тереңден айтып, күч тармактарын, айрыкча сотторду катуу сындаган эле. Ажонун сөзү жалпы коомчулукка жагып, эми элибиз ошол айтылган кептер ишке ашса экен деп, Кудайдан тилеп жаткан кези. Чынында Жээнбеков Кудай деген киши. Кудайдан коркуп, ибадат кылып, ыйман кылган адам экени атпай журтка белгилүү эмеспи. Мына ошол жыйында сот системасы такыр оңолбой, сот иштеринин көбү жең ичинен чечилип кетип жатканы, соттордун коррупцияга батканын, бир жылда 8 эле иш караган соттор бар экенин айтты эле. Ал жыйындан кийин ажо президенттип аппаратындагы бөлүм башчыларды кайра дайындоо боюнча буйрукка кол койгон. Мына ошол буйрук менен  Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев Матаевич да кайра дайындалды. 41 жаштагы Манасбек бул кызматта 3-4 жылдан бери иштеп, Кыргызстандын сот системасын өзү каалгандай калчап жаткан серый кардинал катары жалпы коомчулукка жакшы таанымал болуп калды. Бул адам тууралуу ЖМКда көп айтылып, көп сындалып жазылды. Бирок эч кандай натыйжа чыккан жок. Атамбаев да кызматтан албай койгон, Жээнбеков болсо аны сот маселеси боюнча эш туткансып, кайра дайындап, чалчактатып койду. Кыргызстанда ким сот болом десе, жана сот болуп иштегендердин кызматтык абалдарын, кайра дайындоо, кызматка алуу, кетирүү  ж.б. маселелердин баарын дал ушул Арабаев аркылуу өтөт. Ал ушундай кызматтык таасирин көп эле сотторго тийгизип, айрымдарын ар кандай шылтоолор менен кызматтан кетирүүгө, сот кылып шайланууга  берип келатканы тар чөйрөдө кызуу талкууга алынып келет. Манасбек Арабаевдин акыркы учурда өтө тездик менен  байып жатканын да айткандар арбын. Албетте, бул жагы түшүнүктүү дечи. Президентибиз деле сот системасы кокодон коррупцияга батканын жакшы мисалдар менен айтты эле. Ал эми бизде Бишкекте судья болуу үчүн жогорку жактагы таасирдүү чиновниктерге бери жагы 50 -70 миң доллар алышары айтылып келет. Буга чейин күч тармактарында серый кардинал болуп жүргөн Алмаз Матмусаев деген бар эле. Ага да көп сындар айтылып жүрүп, акыры кызматтан алынды. Сооронбай Жээнбеков сот системасы оңолсун десе, ойлонбой туруп Манасбек Арабаевди бул бөлүм башчылык кызматтан алышы керек. Эгер эл, ЖМК  тараптан Арабаевдин дарегине айтылган сындарга анчалык ишенгиси келбесе, анда жеке өз көзөмөлүнө алып Арабаевдин ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөөгө алдырып койсо, ошол жетиштүү болот. Кыскасы, Арабаев кызматтан алынмайынча сот системасы оңолбойт десек туура болчудай”.

 

Эл ичинде жүргөн жел сөздөргө караганда (албетте, макаланын каармандары муну алынын жетишинче мойнуна албай, карганат), дал ушул “серый кардинал” Манасбек Арабаев жакында эле экс-судья Жакыпбек Абдырахманов менен борбордогу түштүк магистраль боюндагы “шиарный” ресторандардын биринде жолугушуптур. Эске салсак, далай былыктары билингендиктен кызматынан шыпырылган ал кездеги Жогорку соттун судьясы Жакыпбек Абдырахманов азыр кайрадан өз ордуна барууну көздөп, конкурска катышып жатат. Мына ошондуктан, ал Манасбекти чакырып, ой-да тойлоп, жапжаңы “джиптин” ачкычын карматкан имиш. Мындай баалуу белекти бергенден кийин, Жакыпбектин жада калса Жогорку Соттун төрагасы болуу шансы жогорулаганы белгилүү да.

 

Биз билгенден, кайрадан бөлүм башчы болуп дайындалган Манасбек Арабаевдин буга окшогон “быкы-чыкысы” өтө көп экен. Анын минген унаасы, жашаган үйү не деген шумдук! Катардагы бөлүм башчы жүз жыл иштегесе да мындай байлыкка жетмек эмес! Ошондо, Сооронбай Шарипович, сизди биз түшүнбөй калдык: соттордогу коррупция менен сиз кантип күрөшөсүз? Бөлүм башчыңыз өзү анык нагыз башында турса, эл кайсы адилет сот реформасын күтө алат? Же улуу Манас атабыздын атын уялбай алып жүргөн бу бала сизди да “ээритип” алганбы? Сиз таза иштеген адамсыз адамсыз, Сооронбай Шарипович, андыктан, улуу ишиңизге көө жаап аткан бул баланы жок кылбасаңыз, элдин ишенчинен ажырап калышыныз бир мүнөт...

 

Автандил Белеков