Өткөн жумада эле президент Сооронбай Жээнбеков соттор адилеттүүлүктөн тайып, колу жукаларды азапка салып, бийлиги жана байлыгы барлардын куралына айланып калганын безилдеп айтып, тез арада чечкиндүү реформа керек экендигине токтолгон болчу. Сот тармагын ушу азыркы плинтустан ылдый баркка түшүргөн судьялардын бирок бети кызарып да койгон жок.

 

 

Мисалга алсак, буга чейин Жогорку сотто судья болуп жүргөн Жакып Абдырахманов деген неме бар. Судьялык мантиясын эчак эле башка “ыйык” нерселерге алмаштырып алганы эл ичинде жомок болуп айтылып жүрөт. 2016-жылы да ошол “ыйык” нерселерге көзү кызарып, бир-экөөн бошотуп жибергени билинип калганда алдастап, өз арызы менен кызматын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Жалал-Абад облсотунда, Бишкек шаардык сотунда, бир катар райондук соттордо төрага болуп жүрүп “байып” кеткенин билебиз. Соттордун ишине көлөкө түшүргөндөрдүн анабашында ушу киши тургандыктан, буга окшогон алкымы бузуктарды такыр жолотпош керек болчу. Же өзү билип эле “ардактуу” эс алууга чыгып кетпеди. Айтайын дегенибиз, биздин каарман эми бетин табактай кылып алып, Жогорку соттун судьялык ордуна жарыяланган конкурска катышып жатыптыр. Кайсы бети менен барат? Ал аз келгенсип, “Соке менин досум! Экөөбүз азыр дагы чай ичишебиз... Менин доорум эми келди”- деп дөөрүп жүргөнүн кулагыбыз чалып калды. Соке досу экени чынбы же калппы, бирок Жакыпты Жогорку сотко кайра алып келишсе, Сооронбай Жээнбековдун айткандары талаадагы сөз болуп калат го.

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №05, 14.02.2018-ж.