Дайыр Кенекеев өзүнүн кичи мекенинде КР Өкмөтүнүн Талас областындагы өкүлү кызматында иштеп турган учурда элдин көзүнө көрүнө турган же оозуна алына турган бир да орчундуу жумуш аткарбастан, жалаң гана интрига менен алек болуп жүрдү.

 

Дайыр Кенекеев өзү иштеген коллективди экиге болуп тим болбостон, кызматтан  которулуп кетип жатып, Талас элин да “Абыке-Көбөш жана Манас урпактары” деп экиге бөлүп кетти. Кайрадан элине кантип келет болду экен?

Өз учурунда Өмүрбек Бабанов жана башкаларды ээрчип жүргөн Дайыр Кенекеев азыркы  досу, өкмөт башчысы Сапар Исаковду деле жыргатпасы белгилүү. Жыргатпаса, алдаса өз иши дечи, бирок, коррупциялык иштери үчүн качан жооп берет?

 

Дайыр Кенекеевдин Таласта өкмөт өкүлү болуп иштеп турган учурундагы биринчи орун басары Чолпон Төрөкулов 2016-жылдын 28-декабрь күнү түнкү саат 23:00дөн кийин 00-02TA номериндеги “Тойота Прадо” джип кызматтык автоунаасын өзү айдап бара жатып Талас шаарында авария жасаган. Кырсыктан кийин автоунааны Талас шаарындагы токой чарбанын кампасына бекитип коюп, кийин эвакуатор менен Бишкек шаарына алып кеткен.

 

Азыркы учурда кызматтык автоунаа кайда экендиги белгисиз. Аны калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес деп айтылууда. Мүмкүн болсо эмдигиче ондоп, ордуна коёт эле. Бүгүнкү күнгө чейин талкаланган машинага бир нече тонна бензин жана автотетиктер “списание” болуп жаткан чыгаар…

 

Дайыр Кенекеев Өкмөттүн өкүлү катары көрсөтүлгөн кылмышка күнөөлүү болгон мурунку “Ак Жол”, андан кийин “Ар-намыс”, “Ата Мекен”, азыркы учурда КСДП партияларынын катарына жалаң гана кызмат үчүн кошулуп жүргөн өзүнүн 1-орун басары Чолпон Төрөкуловтун кызматтык абалын чечип, жоопкерчилике тартуунун ордуна кылмышты жаап жашырган.

 

Буларды эми ким жоопкерчиликке тартат? Мыйзам качан иштейт? Коррупцияга каршы иштер качан башталат же куру сөз менен алдап жүрө бересиңерби? “Таза коомду” качан куруп бүтөсүңөр? 2010-жылы 7-апрелде өлгөн адамдардын  арбагына ким жооп берет?

 

Адилет Сарыгулов, Талас областы

Булак: “Майдан.kg” гезити, №05, 14.02.2018-ж.