Жекшемби, 28-январда Таш-Көмүр шаардык кеңешине кезексиз шайлоо болуп өттү. Анын жыйынтыгында, шаардык кеңешке: КСДП, “Мекеним-Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Таш-Көмүр жаштары” партиялары шайланды.

 

Бөлүштүрө келгенде: “Мекеним-Кыргызстан” – 10, КСДП – 9, калган партияларга 4төн мандат тийе тургандай. Жергиликтүү элдин баамында, күндүн суук экендигине карабастан, адаттагыдай эле элдин башын акча менен айлантып сатып алуу, административдик ресурсту пайдалануу кызуу жүргөн. Шайлоо жыйынтыгы деле көрсөтүп тургандай, марага биринчи болуп акчаны эң көп чачкан “Мекеним Кыргызстан” менен админресурска таянган КСДП келген. Эми бул эки партия (“Мекеним Кыргызстанды” КСДПнын клону деп жүрүшпөйбү) эл көзүнчө коалиция түзүмүш болушуп, шаарды каалагандай калчаганга өтүшөт.

 

Ал эми Кара-Балта шаарындагы шайлоо жыйынтыгынын айырмасы, анда КСДП биринчи келген да, “Мекеним Кыргызстан” экинчини алган. Андан тышкары, бул шаардын кеңешине “ЭлАман”, “Элдик-Народная” партиялары да өтүшкөн.

Аймактык шайлоолор көрсөткөндөй, ээси четке кача чыккан “Республика” – партия катары жоголуп бараткансыйт. Анткени, бул партия биринде да жетиштүү чекти багындары албай калган.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити