Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун билдирүүсүндө, Аскер прокуратурасы министрдин мурдагы орун басарынын батирин 14-августта тинтүүгө алган.

Мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду.

Арабөк калган реформа

И. Кадырбеков: Биздин өлкөнүн трагедиясы – мамлекет башчылыгына  көбүнчө лидердик сапаттары менен айырмаланган адам эмес, кырдаалдын агымына карата капысынан башка бирөөнүн шайланып калганы болууда.

КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков буга чейин таэнесинин оозу менен жакпаган саясатчыларын жайлап келген.

Депутат Ирина Карамушкина өзүнүн «Фейсбуктагы” жеке баракчасына Кой-Таштагы кагылышуу учурунда күч кызматкерлеринин ур-токмогунан 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан аттуу жигит каза болгону тууралуу кабар укканын жазып чыкты.

Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» дарты коюлуп, медиктердин «эки аптадан кийин өлөт» деген бүтүмүнүн негизинде түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен.

Батукаев чырына байланыштуу мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун дагы жоопкерчилиги каралып, ал дагы бул иштер боюнча сотко чакыртылып жаткан болчу.

 

Ачыгын айтайын, учурда Кой-Таштагы окуяга байланыштуу бийликти айыптап, Атамбаевди жактап жаткандарга таптакыр түшүнбөйм.

Т. Тургуналиев: Колу менен жаман иштерди жасап, анан “кудай” деген адам кудайдын каарына калат.

Сан даярдалып атканда...

Мына, азыр мүлктөрүн алды, бирок алардын эркиндигин эч ким алган жок!

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык “Апрель” телеканалына күч органдары мөөр басып, кеңсени жаап кетишти.

“Таалай элеси” аттуу топтун түзүүчүсү, “Жүрөк сыры” аттуу ыры менен жүздөгөн күйөрмандын арзуусуна айланган таланттуу ырчы Тотомидин Жолдошов менен маектештик.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Алина Шаикованын ишинде мандем бар экендигин анын жүрүм-турумун жакшы билгендер бул кызматка дайындалганда эле эскертишкен болчу.

5-августта түштөн кийин Кыргызстандын Лейлек районуна караштуу Максат айылы менен Тажикстандын Гафуров районунун Овчи-Калача айылынын ортосундагы футбол талаасы деп аталган жерде эки өлкөнүн жарандары чогулуп, аз жерден чыр-чатак чыгып кете жаздады.

Айыл чарба министрлигинде эл аралык жаңжал чыкканы турат.

5-август күнү кечке жакын Нарындын Солтон-Сары кенине 500дөй адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык “Жоржи Майнинг” компаниясынын кызматкерлеринин чыгып кетишин талап кылышты.