КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков буга чейин таэнесинин оозу менен жакпаган саясатчыларын жайлап келген.
Негизи бул жигит социалдык тармактарга өзүнүн активдүүлүгү менен көпчүлүктөн айырмаланып келет. Өткөндө эле өзүнүн инстаграм баракчасына ырдап жаткан видеосу менен бирге өлбө жаным өлбө деген эркек аттууларга кумарга батып жатканда өздөрүнүн абалына, күчүнө, жашоо шартына карап балалуу болууларын жана балалуу болгондон кийин эч нерседен кем кылбай татыктуу багып кетүүсүнө да милдеттүү экенин курч сөздөрү менен билдирүүсүн жарыялады.
“Жанагы балдарды биринин артынан бирин жасап жатып сүйгөнүнө “Жаным, алтыным, секетим, чырагым” деп жаткандардын эсине.
Баланы го биринин аркасынан бирин кой десе болбой былтыйтып, же былтыйып жасап жатасы4. Ошо мощно берилип алып жасап жаткан учурда бир жолу аны кантип багам деп дагы ойлоп койчу айланайын былтыйган чырагым. Себеби, балдарды шалпылдатып жасаганын жасап алып, анан бага албай айласы кетип, карызга баягы бала жасагандай былтыйып батып, анан көп адам өз жанын кыйып жатканына күбө болуп жүрөм. Өзүнүн жанын кыям деген адам ошо менен маселеми чечем деп ойлойт окшойт. Ооба, балким өзүнүн маселеси чечилеттир. Бирок, сен анда адам деле эмессиц. Жеткен, накта айбандын айбаны, эгоисттин эгоисти экенсиң.
Карыздарың сен өлсөң сенин эле жакындаңдын башына түшөт, сени менен кошо оо дүйнөгө кетпейт. Кетсе мен деле ммллмардга жакын карыз алып, балдарыма берип, эми ушундай болуп калды, туура түшүнгүлө деп коюп кете берет элем. Андай эмес.
Булак: «Факты.kg»