×

Внимание

Не удалось вызвать функцию mail.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Алина Шаикованын ишинде мандем бар экендигин анын жүрүм-турумун жакшы билгендер бул кызматка дайындалганда эле эскертишкен болчу.

Анткени ал айым экс-президенттин амири менен аталган кызматты кыска аралыкта жетектеп, жомоктогудай байып кеткен. Бирок коомчулукта ызы-чуу чыкканда ал хансарайларынын баардыгын ата-энеси, туугандарына тиешелүү деп документ тууралап, суудан кургак чыгып кутулган.

 

Анан жаңы бийлик деле Кыргызстанда кадр куруп калгансып, майлуу-сүттүү деп эсептелген Мамлекеттик каттоо кызматына Алина айымды жетекчи кылып дайындап жатпайбы. Бирок “кыныккан адам тыныкпайт” демекчи, паспорт бланкасы жана башка документтерди даярдоодо коррупцияга жол бергендиги үчүн УКМКнын кылтагына илинип калган.  

 

Шектүү иши ашкереленген соң ошол замат камап салбай, УКМК деле камайлы деп барып, Алина айымды үйүнөн же башка жеринен таппай, жер сыйпалап отуруп калды. Ошондуктан ага карата издөө жарыяланды. Аталган комитет Мамлекеттик каттоо кызматы, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, КР Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөөдө.

 

Бул кылмыш иштин фигуранттарынын бири болгон МКК мурунку башчысы А.Шаикова суракка жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жиберилген чакырууга келген эмес.

 

Жик-жини билинбей калгандыгына караганда, Алина айым айтылуу Шадиевдин жолун жолдоп, Лейлек аркылуу сууну кечип, океандын аркы жагына “сүзүп” өтүп кетсек керек деген гана ой жаралууда.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити

 

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить