Көңүл чордонунда...

 

Тарыхтын кайсы бир мезгилинен, кыргыз элинин жашоо-турмушунан маалымат берип, тарыхый эстеликтер катары эсептелген балбал таш – таш айкелдердин тарых үчүн мааниси чоң. Өлкөбүздүн аймагынан ар кайсы учурларда табылган балбал таштар тарыхый баалуулук катары тарыхыбыздын, басып өткөн жолубуздун кемтиктерин толуктап, тарых барактарын байытууда зор булак болуп келет. Тилекке каршы, бул жаатта акыркы жылдары чоң көйгөй жаралды. 

 

Жакында тарыхчы-археолог Кубатбек Табалдыев балбал таштарды сактоо демилгесин дагы бир жолу көтөрүп, коомчулукка коңгуроо какты. Анын айтымында, мындай тарыхый эстеликтер акыркы кылымдарда аёосуз талоонго учурап, жыл өткөн сайын азаюуда. Тарыхчы балбал таштарды көздүн карегиндей сактап, ар бир жаран аяр мамиле кылууга мезгил келгенин белгилейт.

 

Ал эми археолог Бакыт Аманбаева акыркы убактарда айкел таштарга жапайы мамиле жасалуу менен бирге өлкөдөн эле сыртка чыгарылып тим болбостон, айрымдар короо-жайларына да орнотуп алышкан учурлар аз эместигин айтып чыкты: “Азыр эстелик таштардын так эсеби жок. Мен бул тууралуу так билем. Биздин тизмени да карап көрсөңөр болот. Менимче азыр 540тай эстелик катталып турса керек. Анын үч жүзү археологиялык, калганы совет дооруна караштуу эстеликтер. Азыр андай эстеликтерди көтөрүп кетип короо-жайына же кайсы бир имараттын жанына коюп алмай модага айланды. Балбалдар көрүстөнгө коюлган эстелик да”.

 

Аманбаеванын айтымында, бүгүн балбалдарды кээ бир ресторандардын, кафелердин, мейманкана, атургай кээ бир капчыктуулардын короосунан да көрүүгө болот.​

 

Тарыхчынын айтканына кошулбай коюуга болбойт. Акыркы учурларда акчага бардык нерсени сатып алуу көрүнүштөрү күч алганы эч кимге жашыруун эмес. Тилекке каршы, тиешелүү органдар, материалдык тарыхый мурастарды сактоого жооптуу кызмат адамдары ал таштардын кантип, каяктан алып алгандарына кызыгып коюшпайт. Көрсө көрмөксөн, билсе билмексенге салып келишүүдө. Көйгөйдү тарыхчы-адистер айтып эле кала беришүүдө. Бийлик органдары тарабынан ооз ачкан бирөө жок.

 

Биз бул маселени жөн козгогон жокпуз. Буга чейин мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн короосундагы балбал таштардын сүрөттөрү социалдык тармактарга  жарыяланган. Андан кийин Атамбаевдин концерттерин көрүп, союлган малдарынын эттеринен ооз тийип, ал жерди акмалап жүргөндөр да Атамбаевдин 2,5 гектар аянттагы короосунда бир канча  таш айкелдерди көрүшкөндүктөрүн айтып жүрүшөт. Өкүнүчтүүсү, көпчүлүк көңүлдөрүн Атамбаевдин саясий жүрүштөрүнө, саясий-шоу спектаклдерине бурушуп, анын короосундагы балбал таштардын тагдырларына кызыкккан эч ким болбой жатат. Мурдагы президент ал таш айкелдерди каяктан алып келип, короосуна коюп алган? Тарых музейинен баалуу курулуш материалдарын хан сарайын кооздоо үчүн ташып кеткендей эле таш айкелдерди да кайсы бир тарыхый обьекттен бийликтин күчүнө салып алдыртып алганбы? Же капчыктуу аткаминерлердин бири Атамбаевге тартуу этип, кошоматтын коюн сойгонбу? Анда ал чиновник каяктан алган? Ал таштардын Атамбаевдин короосунда туруусу канчалык мыйзамдуу?

 

Эмне үчүн ушул суроолорго укук коргоо органдары жооп издеп, мурдагы президенттин короосундагы айкел таштардын  тагдырларына кызыгышпайт? Бул маселеде биринчи кезекте реакция жасачу маданият  министрлигинин унчукпай келаткандыгы таң калтырат. Болбосо, буга дейре министрлик коомчулукка кайрылып, балбал таштарды менчиктеп, короо-жайларына мыйзамсыз  коюп алгандар боюнча маалымат берүүнү өтүнгөн. Мамлекеттин, элдин менчиги деп эсептелген материалдык тарыхый мурастарды үйлөрүнө мыйзамсыз  коюп алуу - кылмыш иши болуп эсептелет.

 

Эми да кеч эмес. Башкы прокуратура, ИИМ Атамбаевге берилчү көптөгөн суроолордун катарында балбал таштар боюнча да суроо берип, мурдагы президенттин ал таштарды кайдан, кантип алып алгандарын аныкташы зарыл. Эгерде Атамбаевдин мында да кылмыштык аракеттери болсо, жопкерчилиги  каралуу менен балбал таштар мамлекеттин карамагына  кайтарылышы абзел.

 

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Тема: