Мына, азыр мүлктөрүн алды, бирок алардын эркиндигин эч ким алган жок!

 

- Мен жалпыга маалымдоо каражаттарын көз карандысыз деп бөлүүгө каршымын. Бул менин принципиалдуу позициям.

 

Социалдык тармактарда «Апрель» телеканалынын жабылганын жазышып, аны бийликтин сөз эркиндигине келтирген кысымы катары баалашууда. Бирок андай эмес да. Соттун чечими менен Атамбаевдин бардык мүлкү камакка алынды, анын ичинде «Апрель» телеканалы да бар, мыйзамдын талабы ошондой… Буга  каналдын жамааты, алардын кесипкөйлүгү ж.б. сапаттарынын тийешеси  жок. Ооба, алар жакшы журналисттер, операторлор ж.б. Бирок алар көз карандысыз каналдын жамааты, алар Атамбаев тарабынан жумушка алынып, анын мүлктөрүн пайдаланып жатышат…

 

Мына, азыр мүлктөрүн алды, бирок алардын эркиндигин эч ким алган жок!

 

Каалашса жаңы канал ачып алып, эркин иштей беришсе болот. Мисалы, Атамбаев тарабынан жабылган “Сентябрь” каналын алалы… Каналдын жамааты менен жетекчиси Кайыргүл Урумканова дароо эле “Жалбырак” деген Интернет-тв ачып алышып иштеп атышат, өздөрүнүн үндөрүн коомчулукка жеткиришүүдө. Ошондуктан, “Апрель” каналынын тегерегинде чуу кылып, элдин башын айландыруу туура эмес. Укук коргоо органдарынын аракеттери сөз эркиндигин кысымга алууга багытталган жери жок, алардын  бир мүлктү камакка алып, башкасына тийбей коюуга акылары  жок… андай  чечимди бүгүн эч ким чыгара албайт,  ошол эле мезгилде канал  мурдагыдай  ишин жүргүзө албайт, жок дегенде тергөө амалдары бүткүчө иштей алышпайт.

 

Талаптар мыйзамдуу болушу керек, жалган маалыматтар менен эмоцияга негизделгендери туура эмес. Ал эми Дмитрий Ложников башында турган жамааттын ишине чыгармачылык ийгиликтерди гана каалайм.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити