Ачыгын айтайын, учурда Кой-Таштагы окуяга байланыштуу бийликти айыптап, Атамбаевди жактап жаткандарга таптакыр түшүнбөйм.

 

 

 

- Атамбаевдин шайлоо системасынын жаңы моделин киргизип, мөөнөтү аяктаганда  кызматка тырмышпай өз каалоосу менен кетип, мамлекетибизде, региондо буга чейин боло элек прецедент түзүп берип, өлкөбүздөгү демократиянын абалын жаңы дэңгээлге чыгарып, Кыргызстандын “демократиянын аралчасы” аталышын дагы бир ирет бекемдегенине  чындап кубанып, ыраазы болуп, ал жөнүндө гезитке жаздым эле. Бирок  тилекке каршы, Атамбаев бийликтен кеткенден кийин минтип “чычып” коет деп такыр ойлогон эмесмин…

 

Ачыгын айтайын, учурда Кой-Таштагы окуяга байланыштуу бийликти айыптап, Атамбаевди жактап жаткандарга таптакыр түшүнбөйм. Каза болгон жоокердин өлүмүнө бийликти, тагыраагы, президент Жээнбековду күнөөлөп жаткандарга жол болсун! Айрымдар мурдагы президентти канчалык жактап, актаганга аракет кылышпасын, жоокердин өлүмү Атамбаевдин жоопкерчилигинде гана болот! Эгерде өлкөнү 6 жыл башкарып, сүйлөсө дайыма мыйзамдуулук жөнүндө айтып, өзүнүн кристаллдай таза экенин белгилеп келген Атамбаев ИИМдин чакырган сурагына келип, суроолоруна жооп берип, күнөөсү жок болсо анысын далилдеп, өз чындыгын  мыйзамдык, укуктук талаада талашса, кечээги Кой-Таштагы окуя болмок эмес! Анын ордуна мурдагы ажобуз эмне кылды? Өзүн мыйзамдан жогору койду, элди бийликке каршы тукурду, түндүк-түштүк маселесин көтөрдү, чагымчыл аракеттерди жасады, куралдары бар экенин айтып, атышарын жар салды, Кремлге жетип барып өлкөнү эл аралык коомчулукка шерменде кылды, булар аздык кылгансып өзүн “Кой-Таш элдик республикасынын” лидери атады. Өлкөнү 6 жыл башкарып, Кыргызстандын тарыхында калам деген, адекваттуу, элдин биримдигин, өлкөнүн тынчтыгын ойлогон, Кудайды мин ирет оозанган, акыл эси жайында адамдын кылар иши ушул беле?! Бир нерсеге көзүбүз биротоло жетти, Атамбаев өз максаттарына жетүү үчүн адам курмандыктарын тыйынчалык да көрбөйт экен.  Кой-Таштагы окуя болсо Атамбаевдин көөдөнүндө мамлекетчилдик, мекенчилдик  деген нерседен ныпым да жоктугун, анын временщиктердин (Убактылуу өкмөтчүлөр) колдоосу менен бийликке кокустан келип калып, мамлекетти башкарып калгандыгын көрсөттү. Ошол үчүн бүгүнкү кырдаалга кайсы бир денгээлде Убактылуу өкмөттөгүлөр  да күнөөлүү!  

 

Азыр кээ бирлер күч түзүмдөрүнүн Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алып, аны кармоо операциясын айыптап жатышат. Айткылачы, андай кадамга барбаганда, башка  эмне кылуу керек эле??? Мыйзамды сыйлагысы, аткаргысы келбеген, мыйзамга түкүргөндөй мамиле кылган адамга күч колдонуудан башка эмне калат? Ачыгын айтканда, мурдагы президенттин Кой-Таштагы акыркы аракеттери буктурмада жатып алып, бийликке ультиматум, талаптарды коюп, коркуткан террористтердин талаа командиринен айырмасы болбоду  го! Балким, Путин айтса акылына, эсине келеби дедик эле, “Путиниңи да, Трампыңы да урганым жок”- деди. Демек, күчтөп алып келип, суракка алгандан башка арга калбаган болчу… Эмне, анын айтканын аткарып, “эркелетип”, ал башкы фигурант катары өтүп аткан Бишкек ТЭЦи, Батукаев, ж.б. кылмыш иштерин кыскартып, токтотуп салыш керек беле? Андай прецеденттин кесепетинен мындан ары коррупция боюнча айыпталган экс-президенттер, ири аткаминерлер элге жашынып алып, “ачылган кылмыш ишин жапкыла, болбосо атышам”- дегенге өтө баштаса кандай болот? Анда коррупцияга каршы күрөш, мамлекетибиздин экономикасынын өнүгүшү, өлкөнүн келечеги, мамлекеттин бүтүндүгү тууралуу сөз кылбай эле коюшубуз керек.

 

Мени бир нерсе таң калтырат, эмнеге Алмаз Шаршенович суракка барып, ошол эле ТЭЦ, Батукаев, ж.б. чуулгандуу иштер боюнча суроолорго жооп берүүдөн жаа бою качууда? Күнөөсү жок, өзүнүн актыгына ишенген адам эч коркпой, үркпөй, чоочулабай эле суракка барат эмеспи. Бир гана жооп бар: күнөөсү жоктугун, ТЭЦ, Батукаев иштерине катышы жоктугун далилдей албайт го, ошондуктан категориялуу түрдө суракка баруудан баш тартып атат окшойт…

 

Соңунда айтарым, коррупцияга каршы күрөшүү, мыйзамдуулук  жөнүндө ооз көптүрө сүйлөйбүз, жазабыз. Бирок “кылым аферасы” атка конгон ири коррупциялык иштин башында турат деп айыпталып, мамлекеттин тынчтыгына оңбогондой шек келтирип, колуна курал алып, мамлекетке каршы чыгуу менен  эл ынтымагына бүлүк салып аткан адамды “периште” кылып актап, жактап жаткандар, аман эле болгула…

 

P.S. Ошентип, Атамбаев 8-августтагы атайын операцияда кармалып, УКМКнын эбактан бери аны күтүп жаткан жер төлөсүнө киргизилди. Ал снайпердик винтовкадан алты жолу ок чыгаргандыгын мойнуна алды, винтовкасы да алынды. Эми баллистикалык-трасологиялык экспертизада анын аткан октору кимдерге тийгендигин оңой эле аныктап коет. Полковник Үсөнбек Ниязбековдун анын огунан өлгөндүгү шек туудурбайт. Анткени, адистердин айтымында, бронжилеттин алдынан тешип кирип, аркасынан чыгып кеткенге Драгунов винтовкасынан атылган октун гана күчү жетет.

Атамбаевдин үйүнөн 14 автомат, тапанчалар магазиндери менен табылды. Алар каяктан келген куралдар? Алардын ичинде 2010-жылы 6-апрелде Таласта жоголгондор, анын эртеси 7-апрелде Ала-Тоо аянтында, башка жерлерде колдонулуп, адамдардын өмүрүн кыйгандар да болушу толук мүмкүн. Анда Атамбаевди гана эмес, дагы башкаларды да жоопкерчиликке тартканга туура келет.

 

2016-жылы 15-июлда Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүштү уюштуруучулар деп айыпталгандардын алды 3300 жылдан түрмөгө кесилишкен. Эгерде Атамбаевге коюлуп жаткан жана коюла турган күнөөлөрдүн баарын кошсо, 200-300 жылды жөн эле чапчыйт. Дүйнөлүк саясаттын тарыхына Алмаз Атамбаев сейрек кездешчү самодур, авантюристтердин бири катары кирип калды.

 

Атамбаев адам өлтүрүү менен “өлтүрбө” деген моралдык акыркы чектен чыкты, “саясий өлүккө” айланды. Цивилдүү өлкөлөрдө адам эмес, күнөөсүз итти атып таштаганды эч кимдин көргүсү келбей калат. Тилекке каршы, “не убей” деген эң акыркы чекти бузган адамды да кээ бирлердин ачык жана кыйыр түрлөрдө колдоп жатышкандары бизде саясий маданият түгүл, адеп ахлактык, моралдык деңгээл да аябагандай төмөн экендигин гана көрсөтүүдө.

 

Жыйынтыктап айтканда, коррупционерлердин лидеринин, символунун коомдогу тазалануу, жаңылануу процессин токтотуп, реванш алууга жулкунган аракети таш капты, бирок тынчыганга эрте. Тамырлары жулунуп бүткүчө алардын калгандары Атамбаевдей куралчан ачык айкырып чыкпаган менен башка формаларда каршылык көрсөтүшө берерин бөркүбүздөй көрсөк болот…

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити