Депутат Ирина Карамушкина өзүнүн «Фейсбуктагы” жеке баракчасына Кой-Таштагы кагылышуу учурунда күч кызматкерлеринин ур-токмогунан 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан аттуу жигит каза болгону тууралуу кабар укканын жазып чыкты.
Аны менен бирге Карамушкина ошол күндөрү жабыркагандарды эч кимден , коркпостон сотторго, эл аралык уюмдарга кайрылууга үндөгөн. Бул маалымат көптөрдү таң калтырган деле жок. Анткени, Карамушкина аны кимдир бирөөлөрдөн уккандыгын жазган. Буга чейин басылмаларды факты менен сүйлөөгө үндөгөн эл өкүлү, эми минтип бирөөдөн уккан аңыз кептерин ачык эле өзүнүн жеке баракчасына жазып жатышы, жеңилүүдөгү ич күптү экенин дароо эле түшүнүштү. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги да тактаганын, андай адам каза болду деген маалымат чындыкка жатпастыгын, тизмелердин баарын карап чыгышканын, медициналык жардамга кайрылгандар арасында да андай фамилия жок экенин айтышты. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын айткандарын «далилсиз маалымат жайылтуу аркылуу коомчулукту алдоо” деп баалады.
Булак: «Факты.kg» гезити