Ачыгын айтканда…


 

КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы О.Опумбаев Кой-Таштагы окуялар кандай болгонун “Майдан.kg” гезитине айтып берди. Төмөндө төраганын айтып бергендери эч өзгөртүүсүз берилди....

 

- Өзүңүздөр билгендей, А.Атамбаев ИИМ тарабынан жиберилген мыйзам чегиндеги чакырууларгга карабай, тергөө органдарына суракка келүүдөн баш тарткан. Жада калса ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов келгенде үйүнө киргизбей, короосуна бекинип отуруп алган. Ал кийинки кадам күч менен алып кетүү экендигин билген. Ошол себептен атайын, бардыгын билип туруп айланасында балдарды, аялдарды жада калса картаң адамдарды чогулткан. Ошол жерде жүргөндөргө 1000 сомдон 3000 сомго чейин акча төлөп турган. Короосуна таш чогултуп, даярдык көргөн.

 

Атамбаев милиция кызматкерлери келгенде кагылышуу болоорун болжолдоп, атайын ушул кадамдарга барган. Анткени анын оюнда кан төгүлүшү керек эле. Андан ары мамлекеттик төңкөрүш кылуу максатын көздөгөн.

 

Атамбаевдин ушул максаттары билингенде кийин, аны күч менен суракка алып келүү иш чарасын мыйзам чегинде ишке ашыруу чечими кабыл алынган. Бул боюнча ИИМ тергөөчүсү токтом чыгарып, аны аткаруу милдетин УКМКга жүктөгөн. Бирок, Атамбаев өз эрки менен келүүгө каршы чыгаары жана таш, курал-жарак колдоноору тууралуу маалымат алынган сон, УКМК атайын кызматын колдонуу чечимин кабыл алганбыз. Биз бул жерден мыйзам бузган жокпуз. Эсиңиздерде болсо Ош областында баңгикурьерлерди, Кара-Балта шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоодо дагы атайын кызматтын аскерлерин колдонгонбуз.

 

Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, бул Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция эмес, жөн гана тергөө амалдарын өткөзүү боюнча пландалган гана иш аракет болчу.

 

Атайын кызматтын аскерлери мыйзам чегинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн барган ыкчам топтун коопсуздугун камсыздашы керек болчу. Тактап айтсак, алардын жанында ок атуучу куралдар болгон эмес.

 

Бул иш чараны баштоодон мурун 5 вариант даярдалып, анын ичинен эң жарактуусун ишке ашырууну чечтик.

 

Биздин ар бир кылган иштер тууралуу маалыматтар Атамбаевдин штабына жетип калып жатты. Аны мурунку кызматкерлер Абдил Сегизбаев, Исраиловдор жеткирип жатышты. Ар бир маалымат Атамбаевдин штабына жарым сатта жетип калып жатты, ошондуктан күтүлбөстүк керек болду.

 

Эмне үчүн 7-август? Анткени, Балыкчыда “Эдельвейс полигонунда “Гром-2019” машыгуулары өтүп жаткан. Атайын күчтөр кызматкерлеринин бир бөлүгү ошол жакта болчу.

 

Конспирация максатында Кой-Ташка барышты, бул жөнүндө төрт адам гана билген. Акыркы мүнөттөрдү иш-чаранын үстүндө иштеп чыктык. Атамбаевдин штабы операция тууралуу билген эмес.

 

Президент, куралдуу күчтөрдүн кол башчысы “иш чараны өткөзүүдө бир дагы жай тургун жабыркабашы керек”- деп катуу тапшырма берген. Эң башкысы бардык кадамдар мыйзам чегинде болуусу керек деп баса белгилеген.

 

Атамбаев эшикти ачпай койгон, ошондуктан атайын күч кызматкерлери дубалдан секирип кирип, беш ыкчам кызматкерлерин киргизиш үчүн эшикти ачышкан. Ал жерде болгону “Альфанын” 57 аскери, беш ыкчам кызматкери жана үч башкармалыктын башчылары катышкан.

 

Ага карабастан, бир аскер дубалдан секирип киргенде эле, алар четтен келген душмандай эле, таш ыргытып башташкан.

 

Атамбаев, ал убакта, коенго окшоп, өзүнүн 30га жакын коргоочуларын таштап, жансакчылары менен үйүнө качып кирип кеткен. Бул жерде, башкы максат аны үйүнө киргизбөө керек эле, бирок ал качканга жетишти.

 

Ал өзүнүн үйүнөн бункер жасап алыптыр. Өзүңөр көргөндөй, ал жерге атайын атууга жана октон коргонуучу тосмолор даярдалган, калга жана терезелер тосулган, үчүнчү кабатка кириш кыйын болгон.

 

Жеринен, Драгунов снайперлик мынтыгы табылып алынды. Бул курал биздин жана Россиянын атайын кызматтарында гана кездешет. Анын кыйратуучу күчү – 1500 метр.  

 

Биз 480 дана ок-дары салынган эки цинк куту, дагы 4-5 мынтык, тапанча жана амуниция табылып алынды.

 

Көптөр мындай суроолорду берип жатышат: “эмнеге жалпысынан 50 кызматкер, эмне үчүн куралчан эмес?”. Биз билчүбүз Атамбаев ар бир ишемби күндөрү концерт өткөрүп турганын. Ал өзүнүн айланасына жаш балдарды, чоң апа, чоң аталарды чогултуп алган. Башаламандык боло турган болсо аймактагы элдерди чоң жоготууга учуратып алмакпыз. Ошондуктан айланасында аз адам болгон учурда иш-аракетти өткөрүү чечими болгон.

 

Атамбаев куралдуу каршылык көрсөтүүгө даяр турган. Биздин кызматкерлер ал жерден курал колдонбой, эрдик кылды десек болот. Атамбаевдин тарапкерлери жана жай тургундардын арасынан бир да адам ок атуучу куралдан жабыркаган жок. Бирок, тилекке каршы биздин бир кызматкер октон каза болду. Эң өкүнүчтүүсү ошол болду. Жанымда Чүй областтык ИИББнын башчысы Самат Курманкулов турганда, анын башына таш тийди.

 

Ошол учурда аны сактап кала албай калганыма өкүнөм. Жаныбызда Орозалиев, Курсан Асанов, Талант Исаевдер турган. Бизди таш менен чаап жатышты.

 

Жалпысынан айтканда ал коркок. Ал куралчан эмес биздин балдарды атты, бул мыкаачылык.

 

8-август күнү Атамбаев өзүнүн билдирүүсүндө “атайын кызматкерлер тарапка алты ок аттым”- деп айтты. Чындыгында ошол алты ок атылгандыгы боюнча факты такталды. Биринчиси Үсөн Ниязбековго тийген ок. Соттук-медициналык экспертиза көрсөткөндөй,  аны так жүрөккө атышкан. Ал ошол жерден каза болгон.

 

Мындан сырткары жаракат алган кызматкерлер:

 

- улук лейтенант Ж.У., Нарын областынын тургуну, ок эки колуна тийип, салааларын алып кеткен, сол көзүнөн контузия алган. УКМК 2009-жылдан бери кызмат кылат;

 

- лейтенант И.Б., Нарын областынын тургуну – көкүрөгүндө октон жараат алган. УКМК 2014-жылдан бери кызмат кылат;

 

- полковник В.А. Чүй областынын тургуну – жабык баш-сөөк жаракаты, оң билегинен жарат алып, чыканак сөөгү майдаланып сынып, курсагынын сол жагында октон жаракат алган. УКМК 1997-жылдан бери кызмат кылат;

 

- майор М.Б. Ысык-Көл областынын тургуну – сол ийининде октон жарат алып, баш мээси чайкалган. УКМК 2013-жылдан бери кызмат кылат;

 

- подполковник С.С. Бишкек шаарынын тургуну –жабык баш-сөөк жаракаты, далысынын оң жагында октон жарат, оң санында кесилген жараттарды алып, жумшак бет ткандары жабыркаган. УКМК 2004-жылдан бери кызмат кылат;

 

Жана башка кызматкерлер да ар кандай жаракаттарды алышкан.

 

Муну ачык эле адам өлтүрүү десек болот.

 

Эртеси 8-август күнү Атамбаев кармалды. Өз эрким менен багынып бербейм деп айтканына карабастан кармалды. Чын-чынына келгенде ал коркок. Атайын кызматтын куралсыз аскерлерине ок атканын таш боордук десек болот.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити