Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык “Апрель” телеканалына күч органдары мөөр басып, кеңсени жаап кетишти.

 

Бул маалыматты каналдын жетекчиси Дмитрий Ложников ырастады. Ал “Форум” имаратына келген күч органдары телеканалдын жетекчилигине эч кандай документ көрсөтпөгөнүн, журналисттерге жеке буюм-тайымдарын алып кетүүгө уруксат бербегенин айтты.

 

“Үчүнчү күн катары менен Кыргызстандын бардык аймагында “Апрель” телеканалынын эфир көрсөтүлбөй жатат. Бизди ар кайсы жерде ар кандай себеп менен өчүрүп коюшту. Мен мындай болуп кетет деп күткөн эмесмин. Телеканалдын мүлкүнө, имаратка арест коюу менен гана аяктайт деп ойлогом”, – деди Ложников.

 

Ал 9-августтун кечинде болгон окуяларды сөз эркиндигин тепселөө аракети деп мүнөздөп, канал интернет аркылуу эфирге чыга берерин кошумчалады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы соттун чечими менен “Медиа-Форум” ишканасынын жана “Апрель” телеканалынын мүлкүнө арест коюлганын билдирди.

 

“Апрелдин” “Фейсбук” социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу берилген түз эфирде Бишкек сааты боюнча кечки саат 9дар чамасында атайын даярдыктагы күч кызматкерлери Бишкектеги телеканал жайгашкан “Форум” имаратынан чыгып жатканын көрүүгө болот.

 

Өз учурунда Атамбаев бийликте турганда деле “Сентябрь” телеканалы жабылып, бир нече оппозициячыл журналисттер сот жообуна тартылып, миллиондогон сом айып салынган болчу.

 

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити