“Таалай элеси” аттуу топтун түзүүчүсү, “Жүрөк сыры” аттуу ыры менен жүздөгөн күйөрмандын арзуусуна айланган таланттуу ырчы Тотомидин Жолдошов менен маектештик.

 

– Тотомидин байке, мезгил алмашкан сайын жаңы көз караш, жаңы идея, жаңы ырчылар шоу бизнесте тынымсыз жаңыланып турат эмеспи. Замандан артта калбай дайыма эл назарында болуп турууңуздун сыры эмнеде?

 

– Сиз айткандай учурда шоу бизнесте жашап кетүү кыйыныраак болуп турат. Анткени ырчы деген абдан көп, канча көп болсо ошончо атаандашуу да көп. Бирок атаандашуу болуп турган жерде мыктылар тандалып алынат эмеспи. Эл өзү эле иргеп, мыктыларды тандайт деген ойдомун. Ал эми замандан артта калбай алдыга умтулуунун негизги сыры талыкпас эмгек. Ар дайым жаңыланып, элде жок жаңы ырларды жаратып, жаңыча идея менен клип тартып туруу биздин негизги милдетибиз. Мурда клип тартаарда клипмейкерлер же режиссерлор эмне десе ошолордун көз карашы менен гана клип тартып койчубуз. Чындыгында ишти жалгыз эле аларга артып койгонубуз туура эмес экен. Сөзсүз идея сунуштап, кошо аралашканыбыз туура. Маселен “Ошко, Ошко” деген ырдын клибинин идеясы Бакыт Мукул байкеге таандык. Идеяны алып, сценарийди өзүм жазып чыгып, тамашалуу клип тарттырдык. Ыр да, клип да ойдогудай чыгып, “2018-жылдын мыкты ыры” наамына татыды. Ал ырдан кийин “Ай кызым” деген чыгарма жаралды. Созай аттуу кызыма арнап жазгам. Мурдатан эле Индия стилинде клип тартсам деп кыялданчумун, ошол кыялды ишке ашырып, спенарийди өзүм жазып клип тарттырдык. Ал ыр да жакшы ырлардын бир болду. Ютуб каналында 8 миллиондон ашык көрүүчүлөрдү топтой алды.

 

Мурда ырларыбыз өз чыгымын актаса актап, актабаса актабай эле калчу. Азыр ырларым эң куру дегенде ютуб каналынан гонорар алууга жарап, өзүн-өзү актап жатат. Мындан сырткары тушоо тойлордо көп ырдалган ырлардын бири. Замандан артта калбоонун негизги сыры тек гана тынымсыз эмгектенүү дээр элем.

 

– “Жүрөк сыры” аттуу ырыңыз жумурай журт сүйгөн ырга айланды. Ошол чыгармадан кийин ага жетээрлик же андан артык чыгарма жарата алдым деп ойлойсузбу?

 

– Чындыгында бул чыгармабыз биз үчүн өтө жемиштүү чыгарма болуп берди. Сөзүн Азада Бегимкулова эжебиз жазган. Ал эми андай чыгарма жарата алдымбы же жокпу ага эл тараза, эл сынчы. Негизи ар бир чыгарманын өз угарманы, өз күйөрманы бар. Бир чыгарманы өйдө, экинчисин ылдый койгум келбейт. Буюрса “Жүрөк сырындай” же андан да жакшы чыгармаларды жарата беребиз деген ойдомун.

 

– Элдин табитин табуу оңой эмес. Негизи кандай чыгармалар батыраак эл оозуна алынат?

 

– Азыр көбүнчө позитивдүү, шаңдуу ырлар элдин талабына көбүрөөк жооп берип жатат. Той-аштарга барганда шаңдуу ырларды көп суранышат. Оор чыгармаларды деле жазып жатам, бирок мурдагыдай суроолор азыраак. Ошол себептен позитивдүү, шаңдуу, тамашалуу ырларды көп жаратып жатам. Негизи чыгарма адамдын жүрөгүнөн чыкса жүрөккө жетет, эртеби-кечпи элдин көөдөнүндө калат деп ойлойм.

 

– Гастролдорго чыгып жатасызбы? Элдин кабыл алуусу кандай?

 

– 2005-жылдан баштап ырчылар козу карындай көбөйгөн сайын гастролдор аймактарда аябай көбөйүп кетти. Мен ырчы дегендин баары 2-3 адам биригип алып барып концерт кое берип гастролдун баркы түшүп кетти. Ага чейин эгемендүүлүктү жаңыдан алган жылдары артисттер бир автобус болуп айылдарга барышаар эле. Мен да Манас Бердибеков, Кубик Калыковдор менен чогуу гастролго чыгып калдым. Эл укмуш сыйлап узатышчу. Клубдарга адам батпай, өтө кызуу кабыл алышчу. Бара-бара элдин концертке келүүсү абдан азайып кетти. Буга бир чети артисттер өзүбүз күнөөлүүбүзбү деп ойлойм. Эки адам биригип барып бири алып барып, бири кечке ырдап, болгондо да фонограмма менен ырдап жатып элди тажатып алдык көрүнөт. Эптемей концерттерден качсак жакшы болмок. Негизи ырчы үчүн гастролдорго чыгуу өтө пайдалуу. Анын өз түйшүгү, ырахаты бар. Биз ар дайым чыгып турабыз. Жакында эле гастролдон келдик. Комцертти өзгөчөлөнткөнгө аракеттенип жатабыз. Жалаң эле эстрададан качып, фольклорду да кошуп жатабыз. Топко Шатман деген таланттуу солист алгам. Аябай таланттуу бала. Аккордеондо жакшы ойнойт. Сурма комузда ойнойт, музыкантым урма аспапта, мен гитарада ойнойм. Концерттин жарымын жалаң жандуу музыканын коштоосунда ырдап беребиз. Эл абдан жакшы кабыл алып жатышат. “Таалай элеси” тобу түзүлгөндөн бери Таалай Бектургановдун бир нече чыгармаларын ырдап бермей адатым бар. Эл абдан ынтызарлык менен угуп, чер жазып кайтышат. Жыл сайын март айынан тартып гастролдук турне менен элди кыдырып концерт берип турам.

 

Рыскул кызы Нуркыз

Булак: «Фабула» гезити