Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргыз  Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 9-декабрында, өлкөбүздүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды.

Бул тууралуу КР президенттик аппараттан билдиришти.

Бишкек, “Саясат. kg”. Бул тууралуу адамдарды сатуу боюнча маселени көтөргөн тегерек столдун жүрүшүндө белгилүү болду. ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкеринин айтымында, аял ымыркайын сатарын сатып алып кайра алууга аракеттенген.

Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргызстанда  210дон ашуун санаторий-курорттук мекеме бар. Анын 20га жакыны мамлекеттик макаманы ээ.  Мамлекеттик эс алуу жана ден соолукту чыңдоо мекемелери    мамлекеттин менчигинде калышы керек.

Бишкек, “Саясат. kg”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди. Айтымында, аталган фондун каражатына Талас жергесинин дыйкандары тарабынан өндүрүлгөн фасолду 1 миллиард сомго сатып алуу пайдалуу болот.

Бишкек, “Саясат. kg”. Президент Алмазбек Атамбаев  Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык  күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Анда, Кыргызстан коррупцияны кабылдоо боюнча эл аралык индекстеги өз позициясын туура аткарып атканын белгилеген.

Бишкек, “Саясат. kg”. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев жйыттар тууралуу мыйзамдын чийкилигине карабай кандайча экинчи окуудан өтүп кеткенине таңыркады. Депутаттар “Жайыттар тууралуу мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү” мыйзам долбоорун карашты.

Бишкек, “Саясат. kg”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров пленардык жыйында билдирди. Бүгүн, парламент “Жайыттар тууралуу мыйзамга” өзгөртүу жана толуктоо киргизүүнү кароодо.

Бишкек, “Саясат. kg”. Жогорку Кеӊештин бүгүнкү  жыйынында    КСДП   жана «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болуп келишкен Самигуллина Альфия Эльдаровна менен Исакунова Таалайкүл Базаркуловна ант берди.

Бишкек, “Саясат. kg”. Президент Алмазбек Атамбаев белгилүү ырчы  Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракесине куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу КР президенттик аппараттан билдиришти.

Бишкек, “Саясат. kg”.  Бул тууралуу КР президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Анда айтылгандай, Кыргызстандын Бириккен Араб Эмиратындагы жана Катар мамлекетиндеги ыйгарым укуктуу элчилери дайындалды.

 

Бишкек, “Саясат.kg”. Жалал-Абад шаардык мэриясы телевидение кызматкерлерин бүгүнкү майрамдары менен куттуктады жана бир катар журналисттерге сыйлыктарын тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын Маалымат борбору билдирди.

Бишкек, “Саясат.kg”. Лейлек районунда 2015-жылдын 10-ай ичинде айыл чарба продукцияларын өндүрүү 4,1 млрд.сом болуп, 2014-жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 100,9%га аткарылды. Анын ичинде:

Ош, “Саясат. kg”.   Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө Кытай жарандары тарабынан багылып жаткан 300дөн ашуун эшекти жергиликтүү калк ушул жылдын 10-декабына дейре Кыргызстандын аймагынан алып чыгып кетүү талабын коюшкан. Ошого карабастан эшектер аталган айылда дагыле багылып жатат. 

Ош, “Саясат. kg”.   Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү жолбун иттерди атууга 45 миң сом ажыратылды. Ошентип, кыска аралдыкта бир ай ичинде 163 ит атылып, жок кылынды. Бул жөнүндө аталган райондун ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук кызматынын башчысы Сыдык Калбаев кабарчыбызга маалымдады.

Жалал-Абад, “Саясат. kg”.   Ноокен районунда прокурордун орун басары сабап салган жол кайгуул кызматкери Жогорку Кеңешке аргасыздан кайрылуу жолдоду. Башкы прокуратура жол кайгуул кызматкери прокурордун орун басарына акараат келтирди деген тыянак чыгаргандан кийин жол кайгуул кызматкери ушундай аргасыз кадам жасады. Бул туурасында Ноокен райоуннун жол кайгуул кызматынын кызматкери Мелис Акматалиев өзү бизге кабарлады.

Баткен, “Саясат. kg”.  Баткен районунун Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймагындагы Көк-Таш айылында абал турукташты. Эки тараптан топтолгондор тарап кетишти. Бул жөнүндө Баткен районунун акими Кеңеш Салихов билдирди.

Бишкек, “Саясат. kg”. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, Баткен районунун четинде жайгашкан  айылында тургундар тажик жаранынын жүрүп бараткан унаасын таш бараңга алышкан. Андан бир жарым саат убакыт өткөндөн кийин белгисиз адамдар Тажикстандын жарандары жашаган үйдү жана С. Ганы атындагы мектепке да таш ыргытышкан. 

Бишкек, “Саясат. kg”. Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов бүгүн өткөрүлгөн Кыргызстандагы биригүү эркиндиги, тынчтык жолугушуулар боюнча тегерек столдо парламенттин жарандык коомдон менен биргеликте иш алып баруусуна саясий эркиндик жол берерин билдирди.

Бишкек, “Саясат. kg”. Ашхабадда Түркмөнстандын калыстык макамына ээ болгондугунун 20 жылдыгына байланыштуу аксакалдар кеңеши өттү. Жыйынга төрагалык кылган президент Гурбангулы Бердымухамедовөз өлкөсү аскерий блоктордо, эл аралык бирикмелерге мүчө болбой турганын билдирди.

Бишкек, "Саясат. kg". Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун экинчи фазасы боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду, деп жазат Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.