Сокулук районундагы базарда 10 жаштагы кыздын зордукталганы маалым болду. Бул маалыматты Чүй облустук ИИБи маалымат каражаттарына тастыктады. 

 

Айтылган маалыматтарга караганда, кыз энеси менен чогуу жүрүп, энеси дааратканага кирип-чыккыча белгисиз эркектин сексуалдык зомбулугунун курмандыгы болуп калган. 

 

Ал эми укук коргоо кызматы окуянын чоо-жайын азырынча ачыкташа элек. 

 

Чүй ИИБинин билдиргенине караганда, окуя кечээ болгон. Кылмыш иши козголуп, эң бир тажрыйбалуу кызматкерлер иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми калган маалыматтар тергөөнүн кызыкчылыгынан улам ачыкталбайт.