Ушул жылдын 31-майына карата Кыргызстандын тышкы карызы 302 миллиард 905 миллион 43 миң сомду (4 миллиард 425 миллион 10 миң доллар) түздү.
Каржы министрлигинин маалыматында айтылгандай, мамлекеттик тышкы карыз 3 миллиард 839 миллион долларга жетсе, ички карыз 585 миллион 33 миң долларды түзүүдө. Бул кыргызстандыктардын санына жараша бөлгөндө, киши башына 708 доллардан туура келет.
Ошондой эле, 2017-жылы тышкы карызды тейлөөгө 157 миллион 300 миң, же 10 миллиард 834 миллион сом жумшалганы айтылууда. Ал эми карызды кайтарууга келсек, 2020-жылдан тартып 300 миллион доллар керек болот.