×

Ошибка

Resource not found (14:48 min ago).


 

Жай кызыды. Тилекке каршы, Кыргызстандын түштүк башкалаасын как ортосунан жарып аккан Ак-Буура дарыясы ушул тапта кирге гана чулганып баратат.

 

Анткени, өзөндү бойлото айдоочулар автонууларын катарынан жуушуп, а түгүл өздөрү дагы кадимкидей даарат ушатып жатышат.

 

- Мына, көрдүңуздөр го, моминтип машиналарын Ак-Буурага киргизип алып жууп жатышат.  Мунун кеспетинен экологиялык нормалар одоно бузулуп жатпайбы,- деп чырылдады Ош шаарынын тургуну Мамашарип Токтобаев. - Машиналарды жууган жайлардын ылдый жагындагы жээкте биздин балдар Ак-Буурага байма-бай чөмүлүп жатышат. Бардык эле тургундар күн ысыганда ушинтишет. Ден соолукту бузгандарга Ош шаарынын мэриясы чара көрбөстөн көз жуумп келаткандыгы абдан өкүндүрөт.

Айтмакчы, Ак-Бууранын жээгиндеги экологиянын акыркы күндөрдө туруктуу бузулушу боюнча калаанын Түштүк-Чыгыш районунун тургундары Ош шаарынын мурунку мэри Айтмамат Кадырбаевге бир нече ирет кайрылышкан. Бирок, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илгендерге эмдигиче мыйзам чегинде катаал чара көрүлө элек.

 

 

А.Токсонбаев, Булак: “Майдан. кg” гезити