Депутат Осмонбек Артыкбаевдин адвокаты Айжан Орозакунованын айтымында, ал учурда Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия Улуттук борборунда дарыланып жатат. 

 

Эске салсак, Артыкбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупцияга айыпталып, 7-июнда УКМКнын абагына тергөө амалдары бүткүчө киргизилген. Жакында абакта акыбалы оордошуп, ооруканага жеткирилгени айтылган. Андан кийин Артыкбаевдин эч бир ооруканада жоктугу, өлкө аймагынан чыгып кеткени тууралуу кептер жүргөн. 

 

"Улуттук борбордо туруктуу эмес өнүккөн стенакардия диагнозу менен дарыланып жатат. Акыбалы оор болгондуктан, операция жасоого даярдашууда", - деп билдирди адвокаты.