Мамлекеттик экологиялык -техникалык инспекциянын инспекторлору Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында жана Ысык-Көл, Тоң райондорунда бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылганы боюнча фактыны ачыкташты. Бул тууралуу аталган инспекциядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Ой айылындагы “Сосновая роща” пансионатында комиссиялык текшерүү убагында мажүрүм тал жана мырза теректерден жалпысынан 18 даана мыйзамсыз кыйылганы аныкталган. Ошондой эле пансионаттын кызматкерлери өз алдынча, эч кандай уруксат кагазы жок септик үчүн чуңкур да казышкан. Ошол жерден мамэкотехинспекциянын инспекторлору тийиштүү акты жана протокол түзүштү.
Белгилей кетсек, аталган пансионат буга дейре Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясы тарабынан сууну тазалоо жабдыктары жоктугунан жана экологиялык, техникалык талаптарга жооп берилбегенинен жабылган болчу.