Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарларын улантууда.

 


Президенттик аппараттан билдиришкендей, бүгүн, 12-июлда мамлекет башчысы бир күндүк жумушчу сапары менен Талас облусуна барат.

 

Сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков жазуучу Чынгыз Айтматовдун Шекер айылына барып, «Чыңгыз Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексинин курулушу менен таанышат.

 

Президент ошондой эле облустун жашоочулары менен жолугушуп, айыл чарба, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу, аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу иштери менен таанышат.