ӨКМнын маалыматына караганда,  жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө талаа түздөрдөгү куураган чөптөр жана бак-дарактардын өрттөнүп кетүү коркунучу өтө жогору. Ошондуктан жаратылыш койнуна эс алууга чыкканда, деги эле күнүмдүк турмуш-тиричиликте өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоону адистер эскертишет.

 

Өрт коопсуздугун эрежелерин так сактоо менен сиз бир гана жаратылышты сактап калбастан, адам өмүрлөрүн, жан-жаныбарлардын коопсуз болушуна шарт түзөсүз.

 

Айрыкча жаш балдардын ширеңке менен ойноосуна жол бербей, тамеки тартууда этият болуп, эс алууга барган жерлердеги очоктогу оттун чокторун толук өчүрүп, өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо менен сиз тилсиз жоонун алдын аласыз.

 

Айта кетсек, өткөн сутканы ичинде эле республиканын аймагында 30 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 32 бөлүм тартылган.