Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, Кыргызстандын аймагында жасаган кылмыш иштери үчүн эл аралык издөөдө жүргөн жарандардын өздүгү жана жашаган жерлери аныкталып, кармалышты.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун Өзгөн районунун 1999-жылы туулган К.И. аттуу жашоочусу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүмүндө (каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандагы үчүн тергөөдөн качып жүргөн жеринен кармалган. Издөө иши 2017-жылдын күз мезгилинде Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан козголуп, камакка алуу чарасы каралган.
Ошондой эле, Чүй облусунун Сокулук районунун 1990-жылы туулган А.у.Т. аттуу жашоочусу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча шектелип, тергөөдөн качып жүргөн. Сокулук РИИБи тарабынан издөөгө алынган.
Ош облусунун 1984-жылы туулган жашоочусу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 2-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) боюнча шектелип, тергөөдөн качып жүргөн жеринен кармалган. Издөө иши 2016-жылы август айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан козголгон.
Ош облусунун 1987-жылы туулган А.А. аттуу жашоочусу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүмүнө (ден соолукка атайылап залал келтирүү) боюнча шектелип, издөөдө жүргөн. Шектүүгө издөө иши 2015-жылы Ош ОИИБи тарабынан козголгон.
Оор кылмыш иштерин жасагандарды дагы кармоо боюнча иликтөө иштери жүрүп, төмөнкүлөр кармалышкан.
1979-жылы туулган М.Н. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүндө (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандагы үчүн 2017-жылы Ош ОИИБи тарабынан издөөгө алынган.
Андан сырткары, Ош облусунун Өзгөн районунун 1988-жылы туулган А.С. аттуу жашоочусу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинде (зордуктоо) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандыгы үчүн 2014-жылы кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи тарабынан издөөгө алынган.
Москва шаарынан Ош облусунун Ноокат районунун 1965-жылы туулган А.У. аттуу тургуну (аял киши) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүмүнө (ден соолукка атайылап залал келтирүү) боюнча шектелип, издөөдө жүргөн. 2011-жылы Ленин РИИБи тарабынан издөөгө алынган
Чүй облусунун 1985-жылы туулган Ж.А. аттуу жашоочусу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмүнө (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо) боюнча шектелип, издөөдө жүргөн жеринен кармалган. 2011-жылы Ленин РИИБи тарабынан издөө иши козголгон.
издөөгө алган тарапка маалымдама жөнөтүлүп, учурда Минск конвенциясына ылайык кармалган жарандарды өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы