Адвокат Нурбек Токтакуновдун Сапар Исаковдун иши боюнча материалдардын көчүрмөсүн берүүдөн баш тартышты деген доосу чындыкка дал келбейт деп билдирди УКМК.
Мекеме маалымдагандай, 2018-жылдын 22-июнунда адвокат Нурбек Токтакунов айыпталуучу Исаковдун жактоочусу катары КР Кылмыш жаза кодексинин 48-берене, 3-бөлүм, 7-пункту боюнча доо арыз берген. Аталган нормага ылайык, адвокат кармоо протоколунун мазмуну, баш коргоо чарасынын токтому, тергөө амалдарынын токтому менен таанышып чыгууга укуктуу. Тергөө аяктагандан кийин иштин бардык материалдары менен тааныша алат.
“Аталган кылмыш ишинин тергөө амалдары соңуна чыга элек болгондуктан, доо арыз тергөөчү тарабынан жарым-жартылай канааттандырылып, адвокат Н. Токтакуновго айыпталуучу С. Исаковго тагылып жаткан айыптар боюнча кылмыш ишинин материалдары аркылуу таанышып алууга уруксат берилген”, - деп билдирет УКМК.
Мекеме андан ары түшүндүргөндөй, КР Кылмыш жаза кодексинин 48-беренесине ылайык, кылмыш иши боюнча тергөө алкагында алынган маалыматтар ачыкка чыгарылбашы керек, ошондуктан, аны менен таанышууну көздөгөн адвокат сырды ачыкка чыгаруудагы жоопкерчиликке эскертүү алып, кол коюп берет. Бирок, белгисиз себептер менен Токтакунов тергөө маалыматтарын ачыкка чыгаруудагы жоопкерчиликти алууга кол коюп берүүдөн баш тарткан.
Эске салсак, Нурбек Токтакунов маалымат каражаттарына УКМК Сапар Исаковдун материалдары менен таанышууга жолтоо болуп жатканы тууралуу билдирген.