14-сентябрда Казакстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокрекбаев Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, нааразылык нотасы тапшырылды.

Британдык белгилүү бир нече саясатчылары менен катар, Лондон шаарынын мэри Садик Хан кыргыздын улуу жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун 90-жылдык маарекесине арналган Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги уюштуруп аткан “Айтматов окуулары” иш-чарасына катышты.

Германиянын Берлин шаарында Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган адабий кече жана сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.

Бишкек, "Саясат. kg". КДСД фракциясы талапкерин аныктады. 

"Азаттыктын" кабарчысы, иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган фонддун бет ачары бүгүн, 14-сентябрда Бишкекте өтүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилиги Ош облусуна караштуу дүлөй балдар үчүн Кара-Суу жалпы билим берүүчү атайын мектеп-интернатында кайрымдуулук акциясын өткөрдү.

Баткен районунда 1,5 миң гектар аянтты сугарганга мүмкүнчүлүк түзгөн чоң ирригациялык каналдын курлушу башталды.

Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөрүлгөн маданий сынактардын жүрүшүндө Баткен облусу “Көркөм сүрөт” номинациясы боюнча республикада 1-орунга татыды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Борбордук аскер Кеңешинин төрагасынын орун басары Сюй Цилянды кабыл алды. Кытай Кыргызстан үчүн жакын дос, ишенимдүү өнөктөш жана жакшы кошуна экендигин баса белгиледи.

 

Бишкек, "Саясат. kg". Дарыгерлердин каршы болгонуна карабай ЖАМК саясатчыны абакка алып кетти. 

Бишкек, "Саясат. kg".  Көрсөтүүлөрдүн программасына ылайык Азербайжандын “Кызыл бакча”, Казахстандын “Оралман”, Кыргызстандын  “Түнкү кырсык”, Түркиянын  “Буудай” жана “Айла” көркөм тасмалары тартууланат.

Т. Ормуков: Кыргыз бийликтери көрүнгөн еврейдин сөзүнө ишенип, иш кылбай ойлонушу зарыл… Алтындарым!

Т. Акун: Алмаз Шаршенович азыркы бийликтин кадр саясатын сындап, куугунтук тууралуу сөз кылып жатат. Аргасыз жылмаясың.

Бишкек, "Саясат. kg". Кыргыз-тажик чек арасында тургундардын тирешүүсү боюнча Баткен жана Исфара райондорунун акимдери жолугуп сүйлөшүүдө.

Бишкекте бир тарапка кеткен көчөдө эреже бузуп айдап, жол коопсуздук кызматкерлерине кармалып, кийинчерээк мас абалында рулга отурганы айтылган адам Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери экени кабарланды.

Бишкек, "Саясат. kg". Козголгон кылмыш иштин артынан көп факты ачыкка чыгышы ыктымал. 

Актөбө шаарында өндүрүш базасында бензовоз жарылып, жергиликтүү ишкананын эки кызматкери оор абалда ооруканага жеткирилди.

124 кыздын 60ы сабактарга жасама чач тагынып же улуттук тебетейлерди кийип келүүгө аргасыз болушууда. Аларга моюн орогучтарды колдонууга дагы уруксат берилген эмес.