Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстандын муфтийлери ошол аймактардагы исламдагы туризмди өнүктүрүүнү макулдашышты. Бул тууралуу макулдашууга 13-сентябрда Бишкекте өткөн "Руханий Жибек жолу" конференциясынын алкагында төрт өлкөнүн мусулмандар башкармалыктарынын башчылары кол коюшту.
Бул тууралуу КР Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, документ дин башкармалыктар ортосундагы алаканы бекемдеп, тажрыйба алмашуу, ислам дининин баалуулуктарын жайылтууга багытталган. Андан тышкары кай бир маселеде фатва чыгаруу, айт намаздарын белгилөө, билим берүү, ажылыкты уюштурууда тажрыйба бөлүшүлөт.
Дин башкармалыгы тараткан билдирүүдө муфтийлер ислам туризмин өнүктүрүү жаатында да макулдашканын айтылат. Бирок анын концепциясы тууралуу азырынча так маалымат жок.
Борбор Азия мамлекеттеринде мусулмандар көпчүлүктү түзөт. Буга чейин орозо айынын башталышы, айт ар башка күндөрү белгиленген учурлар болгон.