Улуттук бизнес-альянсынын жетекчиси Сталбек Акматов президентке чет өлкөлүк инвестордун алданганы тууралуу маалымат берди. 

 

Айтымында, чет өлкөлүк ишкер 1,5 миллион долларга имарат сатып алган. Ал жерге өндүрүш ачууну ниеттенген. Бирок, мамлекеттик органдар имаратты тартып алышкан. Эми ишкер имаратты да ала албай, акчасын да кайтара албай калды. 

 

Акматов ушул убакка чейин маселе чечилбей келатканын белгиледи. Айтымында, ишкерчилик чөйрөсүндө акыйкаттуулук жок. Ошондуктан, мамлекет башчысына кайрылуудан башка арга табышпады. Алар алгач президенттик аппаратка кат жазышкан, бирок жооп ала алышкан эмес. Эми президентке түз чыгышты. 

 

Президент Акматовдун кайрылуусун жеке көзөмөлүнө алууну убадалады.