УКМКдан билдиришкендей, КР ИИМдин тергөөчүсү пара менен кармалды. 16-сентябрда Бишкекте ыкчам-иликтөө иш чарасынын негизинде, 313-беренеге ("пара талап кылуу") негизделип козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусунун Балыкчы ОИБинин тергөөчүсү, милициянын улуу лейтенанты кармалды.
Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу азырынча анын аты-жөнү ачыкталбайт.
Кармалган адам жарандан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн пара алганы аныкталган.
Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.