Эртең, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев баштаган Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин жана “Силоам” көзү азиздер борборунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге стипендия тапшыруу иш-чарасы болот.  

 

Белгилей кетсек, депутат Дастан Бекешевдин демилгеси менен жыл сайын “Силоам” борбору тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге окуудагы ийгиликтери үчүн стипендия тапшырылып келет. Демилгенин максаты саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө түрткү берүү менен лидер катары калыптанышына көмөкчү болуу.  

 

Андыктан, каалоочулардын баарын  19-сентябрь саат 11:00дө Жогорку Кеңеште (Чыгыш залы) өтүүчү салтанатка чакырышат.