Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылына карата өлкөнүн орто билим берүү мектептери үчүн окуу китептерин чыгарып жатат. Мамлекеттик сатып алуулар порталында мамлекетик тилдеги пособиелерди мектеп жана мектепке чейин билим берүү мекемелерине арнап чыгарууга 5 миллион 225 миң 356 сом коротууну пландоодо.
Китептердин арасында «Бөбөктөрдүн алиппеси» 16 миң 260, ал эми «Көркөм өнөр чыгармачылык башаты» 10 миң нуска менен жарык көрөт.