Кыргызстан ушунчалык кичинекей өлкө шырп эткендин баары элге журтка заматта эле белгилүү болуп калат. Угушубузга караганда жакында эле А.Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева Ө.Текебаевдин жубайы менен жолугуу ниетин билдириптир. Бирок Айгүл Текебаева бул сунуштан баш тартканын айтышууда. Эгер жолугушуу ишке ашса, Раиcа Атамбаева эмне кеп козгоору баарыбызга түшүнүктүү да.. «Алмазды кечиргиле» деп, Раиса жеңебиз Айгүл жеңе менен ымала түзүүгө аракеттенген окшобойбу. Бул тууралуу маалымат Фейсбук баракчасына тарады.

 

Ал деле бул жолугушууну өзү ойлоп таппаса керек. Анткени Атамбаев кылаарын кылып, кыл менен бууп коюп, эми түштөн кийин соолугуп, өзүнө келгенден соң денесин майда калтырак басып, жүрөк заада болуп эртеңки күнүн ойлоп жатат да. Текебаевдин деле «срогу» бутүп баратат. Жакында темир тор артынан чыгып калса, түз эле Атамбаевди издеп Арашанды көздөй бет алаары АШАнын көзүнө элестеп, түн уйкусун качырып жатса керек. Ошондуктан Атамбаев, азыртадан аялын Текебаевден үй-бүлөсүнө элчи кылып жөнөтүп, элдешүүнүн жолун издеп калгандай. Албетте Айгүл жеңекебиз жөн эле айымдардан эмес, ал Текебаевдин аялы да. Бир кездеги Раиса аяшына «түш оогону качан!» аманчылык болсо көрүшөөрбүз..! — деген жообун берген имиш.

 

Эми Өмүрбек Текебаев түштөн кийин акылына келген экс-досу Атамбаевди кечиреби же абактан чыккандан соң, кегин кууп, АША менен кыл чайнашабы аны алдыда көрөөрбүз.

 

 

 

Булак: NazarNews.kg