Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо менен сатууну ачыктоо, жолуна бөгөт коюу боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 


2018-жылдын 13-сентябр күнү Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө баңгизаттарды жана ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган факты аныкталган. 1977-жылы туулган С.А. аттуу жарандын жашаган жерин текшерген учурда үйүнөн кочкул-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат жана аны колдонуучу каражаттар, ошондой эле белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алты огу менен табылган. Табылып алынган баңгизат менен ок атуучу курал тиешелүү экспертизаларга жөнөтүлдү. Экспертизанын корутундусу менен алынган зат жалпы салмагы 284 грамм салмактагы “гашиш” баңгизаты, ал эми ок атуучу курал ок атууга жарамдуу болгон 5,6-калибрдеги револьер болуп чыккан.


Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 252-беренеси (Баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү), 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) жана 241-беренелери (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголду.


ИИМдин БМЖКККнын маалыматы боюнча кармалган жаран башка кылмыш иштерин (алдамчылык) жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.