Бишкектеги төрөтканалардын биринде ымыркайларды сатуу боюнча шектелип бир нече дарыгер кармалганы ачыкталган. Бирок, тергөө кызыкчылыгына байланыштуу алардын аты-жөнү, кайда иштери ачыкталган эмес.
Бүгүнкү маалыматка караганда, кылмышка жалпысынан 8 дарыгер шектелип кармалган. Алардын бешөө кылмышты моюнга алышкан. Медайымдар ымыркайларды сатып келишкени аныкталган. Кармалгандардын бири №18-поликлиникада иштеген.
Э. Ч. аттуу дарыгер 2014-жылы да ушул эле шек менен кармалып, бирок иш аягына жетпей, прокуратура тарабынан жабылган. Дагы бир Ж.Ө аттуу дарыгер Бишкектин аймагынан чыкпоо боюнча тил кат менен үй камагына чыгарылган. Экөө тең мамлекеттик кызматынан сырткары жеке менчик клиникалардын биринде иштеп келишкен.
Укук коргоо кызматы аталган факттын негизинде «Адам сатуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.