"Супара" этно-комплексиндеги өрт курулуп бүтө элек имаратты жана алты боз үйдү күйгүздү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, миң чарчы метрлик имарат күйгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматынын алты тобу тартылган. Ошондой эле аймакты курчоого алууга ИИМдин кызматкерлери барышкан. Жалын түнкү саат 3:24тө өчүрүлө баштап, эртең мененки саат 6:46да толугу менен токтотулган.