Өзбекстанга КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар тобу барды. Адистер даярдык көрүү иштерин баштаганы кабарланууда.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Стивен О’Брайендин айтымында, акыркы жылда согуштук курчоо шартында жашап жаткан сириялыктардын саны эки эсеге өсүп, дээрлик милллионго жеткен.

Акыркы төрт жылдын ичинде 148 коммерциялык эмес уюм «чет элдик тыңчы» деп аталган реестрге киргизилсе, алардын 137си ага Орусиянын Юстиция министрлигинин чечими менен кошулган. Мындай сандар «Коомдук чечим» фондунун «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзамдын күчүнө киришинин төрт жылдыгына арналган баяндамасында келтирилген.

“Ата-мекенчилер 50 миллион доллар алмак экен, ким билет, тымпыйып олтургандарына караганда ишти бүтүргөн го”, “жакында мародёрчулук да ачылып, камалышат экен”

Учурда республикабыздын бир топ айылдык, шаардык кеңештерине шайлоолор башталды.

 

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу диний көз караштары келишпей, “Фейсбук” тармагында кер-мур айтыша түшкөн Эшенгазиев аттуу жаран мушташты биринчи баштаганын жана бул чырда жабырлануучу болгонун айтууда.

Саясый серепчи Марат Казакпаев менен коалиция куроо маселесинин алкагында баарлаштык.

Т.Акеров: Бакиевдер саясатка да, экономикага да бирдей кол салып жиберишкен. Бирок, азыркы бийлик баарын акырындык менен порциялап, ошол жолду чаап баратат

Бишкек, “Саясат. kg”. 11-декабрга белгиленген Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Референдумга каршы үгүт жүргүзүүгө 100 миң сом акча которду.

Бишкек, “Саясат. kg”. Өмүрбек Текебаев президент Атамбаевдин бир убактагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болуп жүргөндөгү санаалаштарына эмнеге жугунду төгүп атканын чечмеледи. Айтымында, бул президенттин өлкөнүн тарыхын өзүнөн баштоону каалап атканы.

 

Бишкек, "Саясат. kg". Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-ноябрда өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды.

Казакстан бийлиги АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгына жана анын кымбаттоосуна карата чара көрүүдө. Бул тууралуу Астана шаарынын акими  Асет Исекешевге шилтеме кылып «Казинформ» агенттиги билдирди.

Тюмен облусунун Юргин айылынан алыс эмес жердеги “Абсолют Агро” тоок фабрикасынын курулуш аянтчасында 19-ноябрда түнүчүндө болгон өрттөн каза болгон жети тажик мигранттын сөөгү мекенине 23-ноябрда жеткирилет.

АКШ президенти Барак Обама менен Орусия президенти Владимир Путин Перуда өтүп жаткан Азия-Тынч океан саммити учурунда жолугуп, кыскача кеп курушту.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салуу боюнча мыйзам долбооруна кол койду.

Бишкек, “Саясат. kg”. Экс-депутат Ахматбек Келдибеков соттун өкүмүн аткарып, мамлекеттик казынага 10 миллион сом төктү.

Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Бишкек, "Саясат. kg". Улуттук илимдер академиясында  “Жусуп Баласагындын доору: тарыхы, материалдык маданияты, адабияты” Эл аралык конференциясы өттү. Эки күнгө созулган (17-18-ноябрь, 2016-ж.) иш-чарага Борбор Азиянын, Кыргызстандын окумуштуулары катышты.

Москвада Кыргызстан жана Орусия тышкы иштер министрликтеринин ортосунда эл аралык терррорчулук маселеси боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди. Кыргызстан делегациясын министрдин биринчи орун басары Динара Кемелова баштап барды. Орусия тарапты министрдин орун басары Олег Сыромолотов жетектеди.

Түркия президенти Реджеп Тайып Эрдоган иш сапары менен Өзбекстанга келди. Анда ал өлкөнүн жогорку кызматтагы расмий адамдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Германия бийлиги 12 миңден ашык ооган качкынды мекенине кайтаруу ниетинде. Өлкө өкмөтү андай кадамга барууга Ооганстандын ири шаарларындагы коопсуздуктун абалы мүмкүндүк берет деп эсептейт.