Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБи киши өлтүрүүгө айыпталып издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Анда башка аты-жөнгө катталган жасалма паспорт жана башка документтер болгон.

 

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагынан 37 жаштагы О.Р. кармалган. Бишкектеги 1-абакка эки айга камакка алынды.

2012-жылы О.Р.га издөө жарыялангандан кийин Токтогул райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери ага туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк, паспортту башка ысым, фамилия менен жасап беришкен.

 

2019-жылдын апрелинде 31 жаштагы Р. А. кармалган, ал Өзбекстанда чоңойуп, Чүй районунда каттоого турган. Ал дагы киши өлтүрүү кылмышына шектелип издөөгө алынган. 2015-жылы ага да башка ысым, фамилия жазылган жаңы паспорт беришкен.

 

Учурда бул фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.