Мурдагы президент Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө топтолгондорго сүйлөп жатып, экс-президент Роза Отунбаеванын өзү тууралуу берген комментарийине да жооп кайтарды.
“Роза Отунбаева Атамбаев парламентти “чимкирик” атаганы туура эмес болуп калды, бул парламенттин статусун ылдыйлатат, парламенттин кадыр-баркын көтөруш керек дегендей айтыптыр. Мен аны окуп таң калдым. Аны ким жазды экен: өзүбү, же учурдагы бийлик жазып бердиби? 2010-жылдын 7-апрелинде Убактылуу өкмөт бир жарым жылга Кыргызстанды парламентсиз калтырган, аны ким чечкен? Ал Отунбаева болчу. Мен Убактылуу өкмөт түзүүгө каршы чыккам”, - деди Атамбаев.
Атамбаевдин айтымында, Убактылуу өкмөт учурунда мыйзамдуу парламент, өкмөт жана президент болгон эмес. Отунбаеваны эч ким шайлабаган.
“Эгер мен тууралуу пикирин Отунбаева өзү жазган болсо, кыргыз элин парламентсиз калтырганын эстейт эле. Эмне болсо да мен ага экс-президент статусун бердим. Мен ошондо парламент болушу керек, кыргызга келечекте парламенттик мамлекет керек дегем. Парламенттин кадыр-баркын мен эмес, депутаттар өздөрү жоготуп жатышат”, - деп белгиледи мурдагы президент.