Кыргызстан Муфтиянын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдышүкүр ажы Нарматов Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө эмнеге барганын айтып берди.
Ал Атамбаевдикине барганын саясатташтырбоону коомчулуктан суранды.
Айтымында, ал жакка бир нече күн мурда Куран окууну башташкан, ошону улантууга барган жана курман болгондордун арбаганы багыштап дуба кылуу үчүн барган.
Аалым “дин ишмерлери элдин тынчтыгы, биримдиги үчүн кызмат көрсөтүшөөрүн” белгилеп, эл ичинде ынтымак, ыйман болушун каалай турганын билдирген.
“Ар бир сөзүмдү мен ушул максатты беттеп айтам, менин ар бир кыймылым ушул максат үчүн жасалат. Тилекке каршы, чымындан пил жасап көнгөндөр кылдан кыйкым издешет. Элге айтаарым, мен мурда да, азыр да саясий максатты көздөгөн эмесмин, аны каалабайм дагы. Менин максатым – эл тынчтыкта, ынтымакта ыйман менен жашашын каалайм”, - дейт Нарматов.
Интернет тармагына Атамбаевдин Кой-Таштагы элдик штабына ажынын барганын КСДП мүчөсү кабарлап, чогуу түшкөн сүрөтүн да койгон. Бирок аз убакыттан кийин сүрөттү өчүрүп таштаган.