Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартууну талап кылган элдик штаб түзмй болду. Ал бул тууралуу соцтармакка жазды. 

 

"Мен Атамбаевди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу үчүн элдик штаб түзүүгө чакырам. Жок, мен чакырык таштабайм, Конституциянын алкагында тынчтык жүрүш жасаган элдик штаб түзөм. Штабдын ишмердүүлүгү өлкөдөгү туруктуулукту жана мыйзамдуулукту камсыздоого багытталат. Биз  Жээнбековдун бийлиги үчүн эмесмин, Атамбаевге да каршы эмеспиз. Биз бир гана мыйзамды бек сактоого умтулабыз, штабдын ишмердүүлүгү бир гана мыйзамдуулукту сактоого багытталган", - деп жазды экс-мэр. 

 

Ошондой эле ал кыймылга экс-президент Роза Отунбаева баш болгон бардык саясий күчтөрдү кошулууга чакырды. Жазганына караганда, жакынкы аралыкта штабдын мүчөлөрү Атамбаевдин резиденциясына жакын жерде колдоруна Конституцияны кармап митинг өткөрүшөт.