Кыргызстанда ушул жылдын соңуна  чейин 44 айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу пландалып жатат.

 

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ичүүсү суу менен камсыз кылуу департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.

 

Ал айткандай,  Кыргызстанда учурда  584 айыл таза сууга муктаж. Январдан бери  69 айылга ичүүчү суу чыгарылган. Ал эми бул маселени чечүү аралык өнөктөштөрдүн эсебинен ишке ашкан.

 

"Бизде 8 өнөктөш бар, алар – Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам банкы, Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы, Швейцария Конфедерациясы, Европа биримдиги”, - деген ал андан тышкары  кайрымдуулук жана гуманитардык уюмдар да кайрылышаарын белгиледи.

 

Таза суу менен айылдарды камсыз кылууга өлкө бюджетинен 500 млн. сом каралып, 50 млн. сом бөлүнгөн.