Кыргызстандын аалымдар  Кеңешинин мурдагы төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов дагы бүгүн Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барды. Бул тууралуу КСДПнын мүчөсү Эрмек Окенов Фейсбуктагы баракчасына жазып, ал турмак ажы менен резиденцияда чогуу түшкөн сүрөтүн да койгон. 

 

Мурдагы президент Атамбаевдин  Кой-Таш айылында жайгашкан  үйүндө элдик штаб түзүлүп, анын мүчөлөрү мурдагы президентти мыйзам жоопкерчилигинен калкалоо аракетинде. Күн сайын элдик штабга белгилүү коноктор барышууда, буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев менен ИИМдин мурдагы министри Улан Исраилов да барышканы маалым болгон.