Сузак районунда апасы Россияга иштегени кетип, өгөй таенесинин колунда калган эки жаштагы кыз чарчап калган. Ал денесинен ар кандай жараат алган абалында ооруканага жеткирилип, бирок өзүнө келбей жатып көз жумган. Анын өлүмүнө таененин ур-токмогу себеп болду деген божомол айтылган. Кыздын энеси Россиядан келип, өгөй энесине каршы арыз жазуудан баш тарткан. Ага карабай укук коргоо кызматтары эки жаштагы кызды өлүмгө жеткиргендерди жоопкерчиликке тартуу максатында ишти карай башташкан.

 

Баланын өлүмүнүн себептерин иликтеген экспертизанын корутундусу чыгып, бирок ал тергөөчүлөрдү канааттандырган жок. Жалал-Абад ИИБинин билдиргенине караганда, экспертиза толук кандуу болбогон жана ишти КР Кылмыш жаза кодексинин "Ден соолукка жеңил залал келтирүү" беренесинен бир топ оор беренеге өзгөртүүгө жетишсиздик кылат. Ошондуктан дагы кошумча комиссиялык экспертиза дайындалды.