КР Акыйкатчы институту Акыйкатчынын орун басары, жакындар бери Балдар Акыйкатчысынын милдетин аткарып жаткан Гүлнара Жамгырчиева 20-июнда Бишкектен Оштун Отуз-Адыр айылында жашаган атасына өздөрү жолго чыккан эки кичинекей кыздын тагдырын тыкыр көзөмөлгө алганын билдирет.
Эске салсак, 20-июнда “115” номерине кечки саат тогуздар чамасында Батыш автобекетинен Ошко жүргүнчү ташуучу айдоочулардан телефон чалуу болгон. Алар 7 жана 11 жаштагы эки кичинекей кыз келишип, Ошто жашаган атасына ала кетүүлөрүн өтүнгөнүн билдиришкен. Жамгырчиева айтылган жерге барып, кыздарды коргоого алуунун жана камкордук көрүүнүн бардык чараларын көргөн.
Андан бери он күн аралыгында кыздардын атасынын кайда жашаары такталган, атасынын бир тууган карындашынын үйүндө кыздар кандай абалда жашагандыгы териштирилген. Жыйынтыгында, кыздардын атасы жарым жылдан бери Бишкекте жашап жатканы, бирок бул убакыт аралыгында кыздары менен жолугууга бир да жолу аракет кылбаганы аныкталган. Анын туруктуу жумушу жок жана спирттик ичимдиктерге абдан эле жакын. Ал эми атасынын карындашы кыздарды багуудан караманча баш тарткан.
Жыйынтыгында, Акыйкатчылыктын кызматкерлери менен Бишкек мэриясынын кароосуз калган балдарды жана жаштарды реабилитациялоо Борборунун өкүлдөрүнүн биргелешкен аракетинен кыздарга Ысык-Көлдүн жээгиндеги ден соолукту чыңдоо балдар лагерине путевка берилип, учурда ошол жакта эс алып жатышат.
Акыйкатчылыктын аппараты Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына кайрылып, кыздарды мамлекеттин камкордугуна алууга оң чечим чыгарып берүүнү суранышууда.