Токмок шаарында өткөрүлгөн тойдон кийин ооруканаларга тамак -аштан уулануу белгилери менен 85 адам кайрылышкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Токмок аймактык ооруканасына 38 адам кайрылып, анын алтоо жаткырылган. Кочкор райондук ооруканасынан инфекциялык бөлүмүнө 16 адам кайрылды. Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага 31 адам келип, анын тогузу жаткырылды, арасында бири жаш бала.
Министрликтин билдириши боюнча, кайрылгандардын баарынын акылары орточо оор. Учурда эпидиликтөө жүрүүдө. Тамак-аштын үлгүлөрү алынды. Ошондой эле башка ооруканадагы оорулуулар тууралуу маалыматтар такталууда.
Ток Токмок шаарындагы ресторандардын биринде 29-июнда өткөрүлгөн.