Чуулгандуу китеп кыргыз тилинде 

Бишкек, "Саясат. kg". “Үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштүн башатында турган адам катары бийликтеги кландык башкарууга жол бербейм!”, - деп билдирди   Сооронбай Жээнбеков    Ысык-Көл областынын Тоң районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековдон Конституциянын кабыл алынганынын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын жетекчилигин коркуткан экстремисттик видео кайрылууну иликтей баштады.

Шымкент шаарынын Абай райондук соту 3-майда “Жалаа жабуу” беренеси боюнча айыпталып жаткан журналист Динара Бекболаеваны актады.

30-апрелде Душанбеде болгон мектеп окуучуларынын ортосундагы бычакташуунун жыйынтыгында 11-класста окуган бир өспүрүм жаракат алды.

Армения премьер-министрлигине талапкер Никол Пашинян тарапташтарын каршылык акцияларын убактылуу токтотууга үндөдү. Буга башкаруучу Республикалык партиянын 8-майдагы шайлоодо депутаттар "элден чыккан талапкерди колдойт" деген билдирүүсү себеп болгон.

Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова Бириккен Улуттар Уюмунун расалык басмырлоо маселелери боюнча комитетине кайрылды.

 

Бишкек, "Саясат.kg". Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү.

Бишкек, “Саясат. kg”. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары өз телефондорунун балансын толтуруу үчүн эч качан бюджеттик каражаттардан пайдаланышпай, алар өздөрүнүн депутаттык ишмердигин коомдук байланышта гана жүргүзүшөт. Бул тууралуу шаардык кеңештин аппаратынан билдиришти.

Бишкек, "Саясат. kg". Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда.

Жизак шаардык салык инспекциясынын башчысы кол алдындагы кызматкерди бутка тээп, төшкө чапкан учуру тартылган видео тарады.

Бишкек, "Саясат. kg". ӨКМнын билдиргенине караганда, Бишкек-Ош унаа жолундагы чектөө алынды. 

Бишкек, "Саясат. kg". Жалал-Абадда жер көчкү дарыяга түштү. 

Бишкек, "Саясат. kg". 9-май – Жеңиш күнүнүн урматына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өз буйругу менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын бир жолу берилчү акчалай төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйттү.

Арменияда жаңы өкмөт башчыны шайлоо 8-майда болушу мүмкүн, бул күнү парламенттин атайын жыйыны өтөт. Бул тууралуу спикер Ара Балояндын билдирүүсү маалымат каражаттарына таратылды.

Бишкек, "Саясат. kg". Алмамбет Шыкмаматов адилет министри болуп турган кезде кол койгон документтер анын Бишкек ЖЭБиндеги кыңыр иштерге аралашканынын далили эместигин далилдегиси келет. 

Быйыл 22-23-майда Өзбекстандын борбору Ташкентте Кыргызстандын алгачкы көчмө туризм көргөзмөсү өтөт.