“Сымаптын ден-соолукка, айлана чөйрөгө тийгизген зыянын азайтуу максатында Минамат конвенциясын Жогорку Кеңеште ратификациялашыбыз керек”,- дейт Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, ЖК депутаты Рада Туманбаева. 

 

Ал мындай пикирин “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди.

 

Сымап тууралуу Минамат конвенциясы – адамдардын ден-соолугун жана айлана чөйрөнү зыяндуу заттардан коргоого багытталган өлкөлөр арасындагы эл аралык келишим. Ага ылайык өндүрүштө сымаптын колдонулушу жөнгө салынышы керек. 2020-жылдан баштап, бул конвенция сымапты камтыган продукцияларды экспорттоого же импортоого тыюу салат. Атаган конвенцияга дүйнөнүн 128 өлкөсү кошулган.