Баткен облусунун Лейлек районунда 2018-жылдын 4-май күнү Лейлек айыл аймагында Чарбак-Сай жана Патан-Сай тилкелеринде сел жүргөн. 2018-жылдын 5-май күнү саат 17:00 чамасында кайрадан сел жүрүп 1,7 чакырым ички чарбалык жолдун 500 метр ички чарбалык арыктын айрым жерлерин каптап, 4 баш бодо малын (уй) агызып кеткен.

 

КР ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнүн офицери, Райондук ЖК комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.


Тилкекке жараша, адам өмүрүнө жана турак жайларга коркунуч келтирилген жок.